Ислам оюндарында Алмаз Сманбеков күмүш медалдын ээси болду
RU

Ислам оюндарында Алмаз Сманбеков күмүш медалдын ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Спортчу 57 кг салмак даражада беттешкен. Ал 1/8 финалда Азербайжандык, Сенегалдык, Тажикистандык балбандпрды жеңип, финалга чыккан.

Ал финалдык беттеште, Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.

Бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы болуп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7859