Оңтойсуздана түшкөн Садыр Жапаров. Путин менен жолугушуу учурундагы кадрлар
RU

Оңтойсуздана түшкөн Садыр Жапаров. Путин менен жолугушуу учурундагы кадрлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда, Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту. Кыргызстандын президентинин басма-сөз кызматы берген маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулап, эки өлкөнүн кызыкчылыктарын көздөгөн бардык маселелерди сүйлөшүштү.

Кремлдин сүрөтчүсү эки өлкөнүн лидерлерин сүрөткө тартты.

Бул сүрөттө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери менен жолукканына аябай сүйүнгөнү билинип турат. Бир нерсеге оңтойсуздана түштүбү, же балким жөн эле карантиндин бүткөнүнө кубанып жаткандыр.

Белгилей кетсек, мындай сүрөт Кыргызстандын пресс-кызматы жарыялаган фотосүрөттөрдүн арасында жок. Биздин сүрөтчү тарткан кадрлардын бардыгында ал оор басырыктуу жана олуттуу көрүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/786