Екатеринбургда баласын сатмакчы болгон кыргыз келин 2 айга камалды
RU

Екатеринбургда баласын сатмакчы болгон кыргыз келин 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жараны 7 жаштагы уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Ал уулун сатуу учурунда укук коргоочулар тарабынан кармалганы маалымдалган. Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги аталган окуя боюнча билдирүү таратты.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, 36 жаштагы А.Н. аттуу аял Кыргыз жараны экени аныкталган.

"Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала учурда Екатеринбургдагы социалдык мекемеге жөнөтүлгөн. Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда. Ошондой эле келинге жактоочунун жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуяга байланыштуу келиндин бөгөт чарасы сотто каралып, ал 8-октябрга чейин СИЗОго киргизилгенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда: "Сотто келин балдарын багуу үчүн эле эмес, кредиттик милдеттенмелерди төлөө, майып апасы менен инисине жардам берүү үчүн да каражатка абдан муктаж экенин билдирген. Ал күнөөсүн моюнга алды. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127.1 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (Жашы жете электерди сатуу), келин 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7876