Кичинекей балдардын "тармал" байкеси, актёр Ырысбай Жумаев үйлөнөт
RU

Кичинекей балдардын "тармал" байкеси, актёр Ырысбай Жумаев үйлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кичинекей балдар, кыздардын "тармал" байкесине айланган, актёр, алып баруучу Ырысбай Жумаев күркүрөгөн күздө сүйүктүүсүнө баш кошот. Бул туурасында актёр менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

Ырысбай Жумаев сүйүктүүсүнүн колун сурап, учурда тойго камылга көрүп жатыптыр.

"Сүйлөшкөн кызым Мээрим 20 жашта, Таластан болот. Экөөбүз "Кредитке келин" тасмасын тартуу учурунда таанышканбыз. Анда мен актёр катары тасмага тартылып жаткам, Мээрим тартуучу топтун администратору болчу. Ошондо таанышып, жылдызыбыз келишип, бир жылдан ашык убакыт сүйлөштүк. Тоюбуз 12-октябрда болот. Азыр фотосессия жасатып, сүйүү баяныбызды тарттырып жатабыз", - деди ал.

Ырысбай Жумаев "Сүйүү керемети", "Мекен", "Кредитке келин" тасмаларына тартылган. "Баластан" берүүсүнүн алып баруучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7881