Гүлзат Мамытбек: Күйөөм президент болушу керек (видео)
RU

Гүлзат Мамытбек: Күйөөм президент болушу керек (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзүн кыргыздын деми атаган блогер Гүлзат Мамытбектин абактан чыкканына 2 айдан ашык убакыт өттү. Учурда ал бир долбоордун үстүндө иштеп жатканын, алдыдагы пландары тууралуу Kaktus.kg сайтына айтып берди.

Англис тилин үйрөтүү долбоорумдан улам абакка кирдим

Учурда англис тилин жылдыздарга, алардын балдарына үйрөтүп, таймаш уюштуралы деп жатам. Андан тышкары бардык каалоочулар келип англис тилин үйрөнө берет. Биздин жылдыздар Голливудга барып, ал жакты багындырышы керек. Азыркы тапта англис тилин үйрөтүүнү колго алдым. Анткени ушул долбоордон улам абакка түшүп, алдамчы атка конгом. Эми муну сөзсүз аягына чыгарышым керек.

Абактан жашарып чыктык

Мен абактан чыгып жатканда "эми 7 ай депрессияда болосуң" дешкен. Айткам, өзүмдү ар кандай депрессиядан чыгарып кетем деп. Депрессия болгон жокмун. Көп болсо 15 мүнөт ыйлайм, анан болду дейм. Балким жарым саат ыйлашым мүмкүн. Тажап кетем ыйлап, эзилгенден. Ыйлаган мага жарашпайт, менин толкунум эмес. Мен дем берүүчүмүн, биринчи өзүмө анан элге берем. Абакта отуруп алып да айымдарга, колонияда иштеген кыздарга дем берип жаттым. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, бийледик. Бетибизге маска коюп жашарып чыктык. 50дөй кыз-келиндин оюн өзгөрттүм абактан.

"Карызыңды төлөп коёюн, менин аялым бол, менин сүйүктүүм бол" дегендер чыкты

"Карызыңды төлөп коёюн, төлөшөйүн, менин аялым бол, мени менен сүйлөш" дегендер толтура болду. Карызымды өзүм төлөйм, ага мээм да, күчүм да жетет. Бирөөнүн колунан акча алып "ме, карызымды алып кой" деген менин стилим эмес. Акчаны мен алгам, мен карыз болгом. Буюрса акырындан кутулуп баштадым.

Күйөөм президент болушу керек

Кой, кымыз жыттанган эле кыргыз жигиттери жагат. Менин кыялыма, энергияма чыдаган мырза болсо турмушка чыгам. Бирок кыргыздарда "менин катынымсың, отур" демейи бар. Мен андайга чыдабайм, дароо эле айтам. Азыр байкап жүрөм. Менин күйөөм сөзсүз президент болушу керек. Мен айткан убакытка чейин турмушка чыгып калсам ал киши өлкө башчы болот, буюрса.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7892