Пляжда шамалга учуп кеткен кол чатыр аялдын өлүмүнө себепкер болду
RU

Пляжда шамалга учуп кеткен кол чатыр аялдын өлүмүнө себепкер болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Американын Түштүк Каролина штатындагы пляжда катуу шамалга кулаган кол чатыр аялдын көкүрөгүн тешип кетип каза болду. Бул тууралуу Associated Press билдирет.

Кол чатыр жээкте эс алып жаткан 63 жаштагы Тэмми Перрого тийген. Аял көкүрөгүнөн жаракат алып, окуядан бир сааттан кийин ооруканада каза болгон.

Пляждын кол чатырлары кумга оңой орнотулушу үчүн учтуу болуп, чатыры кенен болгондуктан жакшы бекитилбесе шамал учуруп кетет. АКШда жыл сайын 3000дей адам кол чатырдан жаракат алат.

Сиз дагы коопсуздукка көңүл буруңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7893