Жоламан Шаршенбеков Ислам оюндарында алтын тагынды
RU

Жоламан Шаршенбеков Ислам оюндарында алтын тагынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын тагынды. Ал бүгүн, 13-августта 60 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти.

Финалда Шаршенбеков азербайжандык спортчуну 10:2 эсебинде утуп алды. Ага чейин Өзбекстан менен Ирандын спортчулары менен беттешкен.

Бул Кыргызстандын Ислам оюндарындагы төртүнчү алтыны.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7894