Төкмөлөрдүн айтышында Жылдызбек Төрөканов алтын комуздун ээси болду
RU

Төкмөлөрдүн айтышында Жылдызбек Төрөканов алтын комуздун ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ынтымак-2 паркында төкмө акындардын айтышы болуп өттү. 21 төкмө катышкан "Билим айтыш" долборунда Жылдызбек Төрөканов алтын комузду жеңип алды.

Аталган иш-чарада 9 жуп жана 1 үчилтик айтышты. Калыстардын берген баасына ылайык, биринчи орунду 21 жаштагы төкмө Кутман Садыбакасов багындырды.

Экинчи орун Жылдыз Шергазиевге буюрду.

Ал эми үчүнчү орунга эки акын тең чыккандыктан айтыштын эрежеси боюнча байге жашы улуусуна ыйгарылды. Тагыраагы, бул орун Баян Акматовго берилди.

Андан тышкары бардык төкмө акындарга сертификаттар жана 15 миң сомдон тапшырылды.

"Билим айтыш" долбоору 6 ай мурда ишин баштап, ага баш-аягы 21 акын катышкан. Алар бул убакыт аралыгында ар кандай тапшырмаларды аткарышып, баары финалга чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7897