Жан Воинов катышкан клубдагы ок атышуу. Шектүү милицияга өзү келди
RU

Жан Воинов катышкан клубдагы ок атышуу. Шектүү милицияга өзү келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Кипиш" түнкү клубунда ок чыгарган окуяга Ассоль Молдокматованын уулу, бийчи Жан Воиновдун катыштыгы бар экени кабарланган. Кийинчерээк Жан Воинов аталган жайда болгонун, бирок окту ал чыгарбаганын айткан. Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматы ок чыгарган жаран ким экени такталганын кабарлайт.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-августта саат 03:30 чамасында "Кипиш" барда катталган.

Жан Воинов жигиттердин ортосундагы чыр-чатакты көрүп, аларды ажыратууга аракет кылганда бирөө аны бетке урган. Буга Воинов жооп кылып кол көтөргөн адамды түртүп жиберген. Аларды башкалар ажыратып, чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечкен соң Воинов клубдан чыгып кеткени такталды. Ошондой эле тапанчадан ок чыгарган жаран 1993-жылы туулган Ж.Б. экени аныкталды.

Окуя тууралуу Kaktus.media`га маалымат чыккандан кийин шектүү милицияга өзү келип, тапанчасын тапшырып, көрсөтмө берген.

Ал саат 03:15 чамасында Медеров көчөсүндөгү күнү-түнү иштеген унаа жуучу жайга барган. Бирок "Кипиш-Бар" түнкү клубунун жанына унаасын токтотуп, клубда анын достору барбы, жокпу деп баш баккан. Көчөдө клубга келгендер турган, күтүлбөгөн жерден үчөө бөтөлкөлөрдү сындырып, кимдир-бирөөнүн дарегине орой сөздөрдү айтып жатканын байкап калып, жигиттердин ортосунда мушташ чыгып кетпесин деп Добрыня сигналдык тапанчасын алып чыгып асманга ок чыгарган. Ал кимдир-бирөө менен уруша кетүү максаты болбогонун айткан.

Учурда алынган тапанча боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7910