Рейд учурунда баңгизат чегип алып коомдук транспорт айдап жүргөндөр аныкталды
RU

Рейд учурунда баңгизат чегип алып коомдук транспорт айдап жүргөндөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук транспортторго карата жүргүзүлгөн рейд учурунда баңгизаттарды чегип алып каттамга чыккан айдоочулар да аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын кайгуул кызматы коомдук транспортторду текшерүүгө алып, техникалык жактан кемчиликтерин, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкташкан.

Жыйынтыгында Ат-Башыга каттаган №575-маршурттук унаанын айдоочусу баңгизат каражаттарын чегип алып каттамга чыккандыгы аныкталган. Анын унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Андан сырткары терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан троллейбустар, техникалык бузуктары жана кошумча жабдыктар менен жабдылган маршурттук унаалар аныкталган. Маалыматка ылайык, жалпысынан 110 миң сомго айып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7920