Ислам оюндары: Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча коло байгенин ээси болду
RU

Ислам оюндары: Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча коло байгенин ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Ислам оюндарынын коло байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг салмакта катышкан.

Спортчу жулкуп көтөрүүдө жалпы 169 ал эми түртүп көтөрүүдө 216 кг аткарды. Жалпы эсеп 385 кг менен коло байгеге ээ болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7929