Бишкекте эки жигит кафедеги акча салынган сейфти уурдап кетишкен
RU

Бишкекте эки жигит кафедеги акча салынган сейфти уурдап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы кафелердин биринен, 7-августта эки жигит 150 миң сом акчасы бар сейфти уурдап кетишкен. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

С.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, саат 23:50дө Орозбеков көчөсүндөгү кафеден сейфти уурдап кетишкенин кабарлаган.

"Сейфтеги акчадан тышкары кассада турган 5 460 сомду, баалуу сувенирди жана Xiaomi маркасындагы уюлдук телефонду уурдап кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыштарды жасоого шектелип, 2002-жылы туулган Ы.М. жана 2003-жылкы К.Ж. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Учурда келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7951