Караколдук ашпозчу ашлянфунун сырын ачты. Видео
RU

Караколдук ашпозчу ашлянфунун сырын ачты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарда ашлянфу жасаган ашпозчу Малика Джумазова дээрлик баары сүйүп жеген тамак тууралуу айтып берди. Ал 6 жылдан бери аталган тамакты даярдап, сатуу менен алектенет.

"Тамак даярдоодо биз өзүбүздүн сырларыбызды кошобуз. Кайсы бир азыкты көбүрөөк кошуп же кайсы бир азыкты кошпойбуз. Бардык кардардын сунуш, пикирлерин эске алабыз. Соусту өзгөртүп турабыз. Мурда ашлянфу жалпак тарелкага салынчу. Азыр кардарлар шорпосун көбүрөөк кошууну суранып калышты", - дейт ал.

Малика айымдын эки кызы бар. Тамак даярдоого кыздары жардам берет. Ал эми ашлянфунун даамынын сыры сууда эмес дейт ашпозчу.

"Көбү тамактын даамынын сыры сууда болуш керек дешет. Бирок мен Караколдун абасында деп ойлойм. Кардарларыма да айтып калам, ашлянфу Караколдон тараган, ушул жерден жегенде гана даамы өзгөчө болот деп".

Малика Джумзованын туруктуу кардарлары көп. Алар ашпозчунун ачык-айрым мүнөзү жана жасаган тамагынын даамы үчүн келерин айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7970