Океандын ары жагында жашап, хит ырларды жараткан Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Видео
RU

Океандын ары жагында жашап, хит ырларды жараткан Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери АКШда жашап, уккулуктуу ырларды жараткан ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Аны аэропорттон жакындары, санаалаштары салтанаттуу тосуп алышты.

"Буюрса, мекенибизге аман-эсен келип алдык, кубанычыбызда чек жок. Бардык туугандарга, досторума ысык тосуп алгандары үчүн чоң рахмат. Музыкант ини, байкелериме өзгөчө ыраазычылык", - дейт ал.

Эрлан Андашев сентябрь айында Бишкектеги спорт ордосунда биринчи чыгармачылык концертин өткөрөт.

Ырчы АКШда үй-бүлөсү менен жашап, иштеп келет. Океандын ары жагында экенине карабай чыгармачылыгын ийгиликтүү улантып, ырларды жазып жүрөт. Анын ырларынын дээрлик баары хитке айланып, ар кандай сыйлыктарга татыган. 2021-жылы Эрлан Андашев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7971