Милиция кызматкери алты жашар кызды сүзүп кетти. Кыздын абалы айтылды
RU

Милиция кызматкери алты жашар кызды сүзүп кетти. Кыздын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Участкалык милициянын инспектору унаасы менен кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 18-августта саат 18:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында Daimler Chrysler үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алты жашар кызды коюп кеткен. Ал ооруканага жаткырылды.

Айдоочу Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору болуп чыкты.

Кыздын жамбашы жана буту сынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7981