ӨКМ: Тик учакты башкара алгандар кызматка алынат. Айлыгы кеминде 3 миң доллар
RU

ӨКМ: Тик учакты башкара алгандар кызматка алынат. Айлыгы кеминде 3 миң доллар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМдин орун басары Урматбек Шамырканов тик учакты башкара алгандарга жумуш берилерин, айлыгы да жакшы экенин билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасында түз эфир аркылуу кабарлаган.

Анын айтымында, Кыргызстанда учкучтарды даярдоо боюнча мекеме жок. СССР учурунда тик учакты башкарганды үйрөнгөн же чет өлкөлөрдөн даярдоодон өтүп келген адистер гана бар.

"Кыргызстандын же башка өлкөнүн жараны болсо дагы, бизге келип кызмат кыла алат. Айлыгы кеминде 3 миң доллар болот", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7984