"Вефанын" жанындагы жол кырсыкта бир унаа мамыга урунуп, экинчиси жол чыракты сүзгөн
RU

"Вефанын" жанындагы жол кырсыкта бир унаа мамыга урунуп, экинчиси жол чыракты сүзгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-август күнү эртең менен "Вефа" соода борборунун маңдайында жол кырсыгы катталды. Эки унаа кагышып кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, бир унаа мамыны сүзүп, экинчиси жол чыракты кулаткан.

Кырсык саат 06:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Toyota Camry маркасындагы унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан. Ал светофор кызыл күйүп турса да токтобой, башка машина менен кагыша кеткен.

Кырсык болгон жерге тез жардам жана милиция кызматкерлери тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7997