Жапаров чиновниктерге 1-сентябрга чейин убакыт берип, болбосо кызматтан алынарын айтты
RU

Жапаров чиновниктерге 1-сентябрга чейин убакыт берип, болбосо кызматтан алынарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына санарип форматка өтүүнү каалабаган министрликтердин тизмесин жарыялап, аларга эскертүү берди.

Ал санариптик өнүктүрүү министрине бир жыл ичинде бардык министрликтер менен мамлекеттик органдардын ишин санарип форматка өткөрүү тапшырмасы берилгенин эске салды.

"Алты ай өттү, министрликтердин көбү өтө элек. Таблицадан көрүнүп тургандай, министрликтер 1-сентябрга чейин маалымат бербесе, анда 2-сентябрда аткаминерлер өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаза алышат.

Санариптик технологияларга өтүүнү каалабаган министрликтер же мамлекеттик органдар коррупциялашкан органдар. Алар мындан ары да иш кагаздары менен иштеп, коррупция менен жашоого ниеттенип жатканын билебиз", - деди президент.

Садыр Жапаров чиновниктерге 1-сентябрга чейин убакыт берип, эгер аткарылбаса кызматтан алынарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7998