Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди
RU

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясын болгон иш сапарына кийин Кыргызстанга кайтып келди.

Өкмөт жетекчисинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;
  • Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/799