Бүгүн, Кыргызстан - Кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту жабылды
RU

Бүгүн, Кыргызстан - Кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-декабрда, Техникалык себептерге байланыштуу Кыргызстан - Кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Мындай чара Кытай тараптын демилгеси менен жасалууда. Торугарт (КР) - Тургат (КЭР) көзөмөл өткөрүү жайларынан автоунааларды да, адамдарды да өткөрүү токтотулду. Кытай тарап анын себептерин техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштырды.

Торугарт (КР) - Тургат (КЭР) өткөрүү пункту өз ишин эртең, 11-декабрда, 9:00дөн баштап кайра жандандырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/79