Түркияда жүк ташуучу унаа 20 адамды сүзүп өлтүрдү (Видеону этияттап көрүңүз!)
RU

Түркияда жүк ташуучу унаа 20 адамды сүзүп өлтүрдү (Видеону этияттап көрүңүз!)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 20-августта Түркиянын Дерик шаарында жүк ташуучу унаа элди сүзүп, башка унааларды да тебелеп кеткен.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, унаанын тормозу иштебей калган. Кырсык май куюучу жайда болгон.

Кадрларда жүк ташуучу унаанын элди кантип сүзүп баратканы көрүнүп турат.

Кырсыктан 20 адам каза болуп, 26 адам жаракат алган. Ошондой эле бир полиция кызматкери жаракат алды. Укук коргоо органдары жүк ташуучу эки айдоочуну кармап, кырсыктын себептерин иликтөөнү баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8003