Дмитрий Биволго Бишкектен эки бөлмөлүү батир белекке берилди
RU

Дмитрий Биволго Бишкектен эки бөлмөлүү батир белекке берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бокс боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Бишкек шаарынан батир белекке берилди. Белгилүү болгондой, батирди ишкер, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Байсалбек Эргешов тартуулады.

Маалыматка ылайык, Дмитрий Биволго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлү премиум класстагы ремонту менен батир тапшырылды.

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол учурда Ысык-Көлдүн Тамга айылында машыгуу сборун өткөрүп жүрөт.

Ал Токмокто төрөлүп, кийин Россияга көчүп кеткен. Мушкер буга чейин да Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын экс-башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун чакыруусу менен Кыргызстанга машыгууга келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8008