Сентябрда мектеп директорлорунун жана окуу бөлүмүнүн башчысынын айлыктары көтөрүлөт
RU

Сентябрда мектеп директорлорунун жана окуу бөлүмүнүн башчысынын айлыктары көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрь айынан баштап мектеп директорлордун жана бөлүмүнүн башчысынын айлыгы көтөрүлөт. Мындай маалыматты билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкекте өткөн мугалимдердин конференциясында билдирди.

Ошондой эле було маалыматты Билим берүү министрлиги Kaktus.media сайтына тастыктады. Айлык акыны жогорулатуу боюнча документтер даяр экенин айтышты. Бирок сумма канчага жогорулай турганы айтыла элек.

Эске салсак, апрель айында мугалимдердин айлыгы эсептөө системасын өзгөртүү жолу менен көтөрүлгөн. Азыр мугалимдердин айлык акысы сааттык жүгү менен эмес, ставкасы менен төлөнөт. Бирок, мугалимдердики гана көтөрүлүп, жетекчиликтики көтөрүлгөн эмес болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8015