Казакстан жана кыргызстандык компаниялар Нарында 1 млрд. долларлык ГЭС курууга макулдашты
RU

Казакстан жана кыргызстандык компаниялар Нарында 1 млрд. долларлык ГЭС курууга макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-августта Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Orient Trade Investment компаниясы менен каскад куруу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган ишкана кабарлады.

Тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган Казарман ГЭС каскадын курууну макулдашты - Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС. Каскадды беш-алты жылда пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Каскадды курууга1 миллиард доллардан ашык каражат керектери айтылды.

Меморандумга кол коюуга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8034