Баткенде 15 суткага камалган жаран милициялар кыйноого алганын айтты
RU

Баткенде 15 суткага камалган жаран милициялар кыйноого алганын айтты

Все самое интересное в Telegram

Баткенде 15 суткага камакка алынган жаранды милиция кызматкерлери кыйноого алган. Бул туурасында жабырлануучу өзү Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго билдирген.

Маалым болгондой, 1977-жылы туулган Д.А аттуу жаран мыйзамсыз кармалганын, 2 күн милиция кызматкерлеринин иш бөлмөсүндө отурганын айткан. Ал аз келгендей ички иштер башкармалыктын жетекчиси, анын орун басары жана ыкчам кызматкери тарабынан кыйноого алынган. Жабырлануучуга карата 4-сентябрга чейин 15 суткага камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

"Арыз боюнча УКМКнын кызматкерлери Баткен шаардык ички иштер башкармалыгына барышып, кармалган адамдын көкүрөгүнөн, далысынан жана колдорунан ур-токмоктун изин аныкташты. Бул окуя боюнча материал прокуратурага өткөрүлүп берилет", - дешет Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8071