Садыр Жапаров россиялык маалымат каражаттарына үй-бүлөсү тууралуу айтып берди
RU

Садыр Жапаров россиялык маалымат каражаттарына үй-бүлөсү тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Российская газета" менен Кыргызстандагы орус тилинин статусу тууралуу сүйлөшүп, бул тил өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрөлөрдө медиа багытта, билим берүүдө, саламаттыкты сактоо тармагында маданий жана саясий жашоосунда бар экенин билдирди.

Андан тышкары, журналист сиздин жубайыңыз орус тилин билеби жана үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүз, деп сурады.

Эгерде менин жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле, орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде - кыргыз тилинде сүйлөшөбүз, деп жооп берди президент.

Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?

1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин, 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбыздын жерине - Ысык-Көл облусуна кайтып келген.

Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан, атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилегим келет, деп Жапаров айтып берди.

Ошондой эле президент "Саясаттагы 10 жыл" китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазганын. 2017-жылы Мекенине кайтып келгенден кийин, саясий себептер менен түрмөгө кармалганын, айтты. "Ошол учурдан баштап китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат", - деди ал.

"Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм", - деп президент убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/807