Ок аткан видеосун интернетке чыгарган жигит милицияга түштү. Видео
RU

Ок аткан видеосун интернетке чыгарган жигит милицияга түштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен көчөгө ок аткан жигиттин видеосу тараган. Жарыяланган видео боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшүп, шектүүнү аныкташты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү бүгүн, 25-августта кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 21 жаштагы А.уулу Б. экени такталды. Шектүү видео боюнча көрсөтмө берип, тапанчаны Бишкек шаарындагы мергенчилердин атайын дүкөнүнөн сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген.

"Быйыл январь айынын аягында Ош шаарындагы ХБК (Манас-Ата кичи району) тараптан көп кабаттуу үйдөн бир батирди ижарага алып, досторум менен көңүл ачып отурганбыз. Мас болчумун. Жанымдагы сигналдык тапанчадан сыртка ок аттым. Видеону 23-августта Instagram баракчама жүктөгөм. Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм", - деди кармалган жигит.

Учурда далил буюм катары тапанча алынды, ал эми кармалган жаран жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8080