Нарындын мэри окуучусу ОРТдан алтын сертификат алган мугалимдерге унаа берилерин айтты
RU

Нарындын мэри окуучусу ОРТдан алтын сертификат алган мугалимдерге унаа берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында окуучусу алтын сертификат алган окуучунун мугалими автоунаа менен сыйланат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаарында жалпы билим берүүчүлөрдүн август конференциясы өтүп, билим берүү тармагы боюнча талкуу болду. Анда шаардын мэри Канболот Тутуев мугалимдердин жакшы иштешине стимул болуу үчүн белек берилерин айтты.

"Жалпы республикалык тестирлөөдө окуучусу алтын сертификат алган мугалимге унаа белек кылабыз. Мен бул маселени жеке өзүм көзөмөлдөйм", - деп айтканы жазылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8093