Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде кандай документтерге кол коюлду
RU

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде кандай документтерге кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кол коюлган документтер:

  • "Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырма;
  • "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору тууралуу" маселе боюнча тапшырма;
  • "Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырмалар;
  • "Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө" буйрук;
  • "Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" Жарлык;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8098