Россиялык шоумен Никита Сумароков үлпөт тоюна 1 ай калганда каза болду
RU

Россиялык шоумен Никита Сумароков үлпөт тоюна 1 ай калганда каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын белгилүү КВН оюнчусу Никита Сумароков үйлөнүү тоюна бир ай калганда каза болду. Анын өлүмүнүн себеби такталып жатканын орус басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматта Никита Сумароковдун жансыз денесин достору аныкташканы жазылат. Жерине келген тез жардам кызматы анын каза болгонун ырасташкан. Учурда маркумдун өлүмүнүн себеби такталууда.

Никити Сумароков сентябрь айында 31 жашка чыкмак, ал эми 23-сентябрда үлпөт тою өтмөк.

Сумароков 2010-жылдары КВНдин "Жаңы версиясы" лигасында "Северный квартал" командасынын оюнчусу катары белгилүү болгон. Андан кийин шоумен катары таанылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8109