Индияда асман тиреген эки имаратты жардыруу учурундагы видео
RU

Индияда асман тиреген эки имаратты жардыруу учурундагы видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиянын Ноида шаарында асман тиреген эки имарат жардырылып, кулатуу учурундагы видео жарыяланды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 103 кабаттан турган имараттар мыйзамсыз курулган.

Supertech эгиз мунараларын кулатуу иштери 9 секундга созулган. Жардыруу башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың пленка менен жабылган. Аймак курчоого алынып, бир нече жолдор тосулган.

Имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулуп, жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болду. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузууну буйруган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8113