Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, ишке киришти
RU

Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, ишке киришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй-бүлөлүк себептерден улам Түркияга учуп кеткен. Ал Кыргызстанга кайтып келип, "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп иштей баштады. Бул тууралуу маалыматты ал өзү Kaktus.media редакциясына тастыктады.

"Мен кайтып келип, иштеп жатам. Алтын Балалыкта 200 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эс алууда. Мындан тышкары борбордо дарылоо иштери толук уюштурулган, ысык суусу менен бассейн болот... Башкача айтканда, Алтын Балалык жыл бою иштейт, анткени президент ушундай тапшырма берген", - деди Бейшеналиев.

Мурдагы министр борборду өнүктүрүүгө чет элдик демөөрчүлөрдү тартууну пландап жатат.

Эске салсак, июнь айынын башында Бейшеналиев козголгон кылмыш ишине байланыштуу кызматынан алынган. Ал СИЗОго киргизилген, бирок 16-июнда сот аны үй камагына чыгарды. Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

16-августта Бейшеналиевге козголгон иш кыскартылып, 19-августта ал министр кызматынан бошотулган. Бейшеналиев "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалып, андан соң белгисиз мөөнөткө Түркияга учуп кеткен эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8120