Ырчы Чолпон Талипбек чет өлкөдөн үйлүү болду
RU

Ырчы Чолпон Талипбек чет өлкөдөн үйлүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Чолпон Талипбек Түркиядагы ири шаарлардын биринен үйлүү болду. Жакшылыгы менен ырчы өзү бөлүшүп, учурда деңиз жээктеги үйүндө эс алып жүргөнүн айтты.

"Эми менин деңиз жээгинде үйүм бар. Тагыраагы, Измир шаарынан батирлүү болдум. Кыялдар сөзсүз орундалат. Кудайга, жакындарыма ыраазымын. Сиздерге да жугуштуу болсун", - дейт ал.

Чолпон Талипбек Түркиядан кыймылсыз мүлк алууда коркуу, кооптонуу болгонун айтат. "Башка өлкөдө бизди алдап, бардык каражатыбыздан кол жууп калабызбы деген коркунуч болду. Сиңдим Мадина Талипбектин түрк тилин өздөштүргөнү, адамдар менен байланыш түзө билгени чоң жардам болду. Эми үйгө эмеректерди алып жайгаштыруу иштери калды", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8125