Бүгүн, түнкү 12ге чейин. Юридикалык жактарга салык декларациясын тапшырууну эскертишти
RU

Бүгүн, түнкү 12ге чейин. Юридикалык жактарга салык декларациясын тапшырууну эскертишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Кабыл алуу түнкү 12ге чейин жүрөт. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот, деп МСКнын басма сөз кызматы эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/812