Аргентинанын вице-президентин өлтүрүүгө аракет кылган
RU

Аргентинанын вице-президентин өлтүрүүгө аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аргентинанын вице-президенти Кристина Киршнерди куралчан адам өлтүрүүгө аракет кылган. Аны полиция кармап кеткен. Бул тууралуу EurAsia Daily кабарлады.

"Критина Киршнерди үйүнүн жанынан өлтүрүүгө аракет кылган куралчан адам кармалды", - деп жазат маалымат каражаттары.

"Куралчан киши Кристина Киршнерге тапанча такты", - деп белгилейт TN каналы.

Киршнер жаракат албаганы такталды.

Бир жумадан ашык убакыттан бери эл вице-президенттин үйүнүн жанына чогулуп турушат. Алар анын коррупция боюнча айыпталганына каршы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8174