Балыкчынын тургунун 80 миң сомго алдап кеткендер кармалды
RU

Балыкчынын тургунун 80 миң сомго алдап кеткендер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө алдамчылык кылганга шектелип 4 адам кармалды. Алар жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген дешет облустук милициядан.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 20-августта Балыкчы шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Тилек жана жанындагы 2 адам ишеничине кирип, жылкысын сатып кайра башкасын алып берүүнү убадалап из жашырып кеткенин билдирген. Жабырлануучу 80 000 сом материалдык зыян тарткан.

Аталган факты 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын облусунун Кара-Суу айылынын 1975-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну Тоң районунда жазадан жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн шериктеринин аныкталып колго түшүрүшүрүлдү. Кармалгандар Балыкчы шаарында катталган алдамчылык актыларына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөр эки айга үй камагына алынды. Милиция жогорудагы жарандардан жабыркагандар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0701067101, 0394432716, 0394432705.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8176