Улгайган аялга уктатуучу дары берип тоноп кеткен. Шектүү 15 күнгө камалды
RU

Улгайган аялга уктатуучу дары берип тоноп кеткен. Шектүү 15 күнгө камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында улгайган аялга уктатуучу дары бери тоноп кеткен факты катталды. Кылмышка шектелип мурда бир нече ирет соттолгон 60 жаштагы аял кармалганын Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 60 жаштагы Р.Х. 3-июль күнү Ош шаарында жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө барган. Ал үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дары берип, ичирген. Натыйжада үй ээси эс-учун жоготкон. Шектүү кырдаалдан пайдаланып жабырлануучунун 60 миӊ сом акчасын алып качып кеткен.

Бул факты 205-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. 30-августта шектүү кармалып, Ош шаардык соту тарабынан 15 күнгө тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынды.

Шектүү мурда бир нече ирет алдамчылык жана уурулук жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келгендигине карабастан кылмыш жасоону улантып келгенин кошумчалашты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8182