АКШга виза алууну жеңилдетүү, туристтик визанын мөөнөтүн узартуу маселеси каралды
RU

АКШга виза алууну жеңилдетүү, туристтик визанын мөөнөтүн узартуу маселеси каралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү маселеси талкууланды. Анда туристтик визанын мөөнөтүн узартуу да каралды. Бул туурасында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинен кабарлашат.

Белгилүү болгондой, аталган мамлекеттердеги кыргыз элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушту. Анда элчи төмөнкүдөй өтүнүчтөрдү келтирди:

  • Кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүнү;
  • АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну;
  • Туристтик визаны беш жылдык эмес, он жылдык мөөнөткө жогорулатууну.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде түзүлгөн жарандардын узун кезегинин түзүлүү себептерин иликтеп, жообун кошумча билдирүүнү убада кылды.

Андан тышкары Бакыт Аманбаев АКШ тарабынан Оруссияга каршы киргизилген эл аралык санкциялардан улам, айрым кыргызстандык ишканалардын акчалары америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын баса белгилеп, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды. Тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8192