Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков… Жеке ишкер 8 манасчыга батирлерди тартуулады
RU

Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков… Жеке ишкер 8 манасчыга батирлерди тартуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчылары үйлүү болушту. Аталган театрдан кабарлашкандай, жеке ишкер, "Каганат" коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Нургалы Асаналиев 8 манасчыга ак өргөө белек кылды.

Өргөөгө ээ болгон манасчылар:

  • Талантаалы Бакчиев
  • Рысбай Исаков
  • Замирбек Баялиев
  • Самат Көчөрбаев
  • Дөөлөт Сыдыков
  • Улан Исмаилов
  • Асанаалы Калил уулу
  • Үмөт Болотбек уулу

Ал эми Рысбай Исаков өзүнө берилген үйдүн сертификатын жаш манасчы Нурбек Талантбековго белек кылды.

Улуу өнөрдү аркалап келген манасчыларыбызга кубаныч тартуулаган Нургалы Асаналиевге театрдын жалпы эмгек жамааты терең ыраазычылыгын билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8195