Арасында наристелер бар. Чүйдө 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
RU

Арасында наристелер бар. Чүйдө 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Күбөлөр билдиргендей, окуя 3-сентябрда саат 22:00 чамасында катталган.

Анда BMW 325 унаасы карама-каршы тилкедеги Mazda Demio унаасын сүзгөн. Андан ары барып Mercedes-Benz унаасын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен BMW унаасынын айдоочусу (36 жашта) жана 3 жүргүнчүсү (71 жаш, 20 жаш жана 5 жашар наристе болгон) андан тышкары Mazda Demio унаасынын айдоочусу (28 жашта) каза тапты.

Кырсыктын кесепетинен дагы 3 адам жаракат алышты. Алардын бири 16 жашта, экинчисинин жашы тактала элек жана 3 жашар наристе. Бейтаптар Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8203