Күнүмдүк турмушта колдонгон суусундуктар дагы 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн
RU

Күнүмдүк турмушта колдонгон суусундуктар дагы 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы Америкалык соода палатасы бардык суусундуктар дагы 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Палата салык кызматынын аракеттерине тынчсызданууда.

Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр менен дистрибьюторлорду курамында канты бар алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөөгө чакырууда.

Палатанын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүүчүлөргө салыкты жогорулатуу жана ага байланыштуу салыктык администрациялоо чыгымдары товардын акыркы наркына түздөн-түз таасирин тийгизет.

"Күнүмдүк турмушта колдонгон ар кандай алкоголсуз суусундуктун баасы жакынкы аралыкта 20 же 30 сомго кымбаттайт", - деди палатанын жетекчиси Дастан Иманалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8209