Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн экени айтылды. Министрликтин жообу
RU

Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн экени айтылды. Министрликтин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Феликс Кулов Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана Дин иштери боюнча комиссиядан Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн болгон окуяга көңүл бурууну суранды. Ал социалдык тармактан пост окуганын, анда кызыктай агымдар пайда болгонун жана студент кыз сүннөткө отургузулганын, бул бизде болгон окуя деп жазылганын айткан.

Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Бизде сүннөткө отургузуу боюнча мындай мыйзамдуу документтер жок. Ал дин үстөмдүк кылган өлкөлөрдө берилет. Биздин өлкөдө аялдарды сүннөткө отургузуу болбошу керек. Мындай операциялар аялдарды майып кылып, укуктарын бузат. Кесепеттери - тырык, инфекциялар, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыз учурундагы оору, кисталар, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы. Ошондой эле аялды өлүмгө алып келчү коркунучту жогорулатат. Кыргызстанда мындай операцияларды бир дагы медициналык мекеме жасабайт", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8216