Индиянын миллиардери жол кырсыгынан каза болду
RU

Индиянын миллиардери жол кырсыгынан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиянын эң белгилүү ишкер үй-бүлөлөрүнүн биринин мураскору, миллиардер Сайрус Мистри жол кырсыгынан каза болгонун NDTV телеканалы билдирди.

Окуя 54 жаштагы Сайрус Мистри жана анын шериктери Мерседес унаасы менен баратканда болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу башка унаадан өтүп кетүүгө аракет кылып катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан рулду башкара албай көпүрөдөн өтүп бара жатып тосмону сүзүп алган.

Унаанын ичинде төрт адам болуп, алардын экөө гана кырсыктан аман калып, ооруканага жеткирилген. Калган экөө, анын ичинде Сайрус Мистри кырсык болгон жерде көз жумган. Полиция окуя боюнча деталдуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Мисстринин өлүмүнө көңүл айтып, аны Индиянын экономикалык күчүнө ишенген келечектүү бизнес лидери деп атады.

"Анын каза болушу соода жана өнөр жай үчүн чоң жоготуу", - деп жазды премьер-министр Твиттерде.

2012-жылдан 2016-жылга чейин Мистри Индиядагы эң ири компаниялардын бири болгон Tata Group көп улуттуу компаниясынын төрагасы болгон. Bloomberg Billionaires Indexтин маалыматы боюнча, Мистри өлгөндө анын 29 миллиард долларга жакын каражаты болгон жана аны Индиядагы эң бай адамдардын катарына кошкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8226