Денесинде көгала бар. Абакта отурган дагы бир жаран көз жумду
RU

Денесинде көгала бар. Абакта отурган дагы бир жаран көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2022-жылдын 24-августунда Ош шаарындагы СИЗОдо тергөөдө болгон адамдын өлүмү боюнча прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу Улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга арыз менен кайрылган маркумдун агасы Курстанбек Запаров ИИМдин жана СИЗО-5тин кызматкерлери маркумдун 23-августта СИЗО-5ке которулгандыгы тууралуу да, анын кармалган фактысы тууралуу да маалымат беришпегенин билдирди.

Эртеси, 24-августта анын каза болгондугу тууралуу жакындарына кабарлашкан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда туугандары анын денесинде жана башында жаракаттардын издерин көрүшкөн. Курстанбек Запаров фото жана видеону ЖККУга тапшырды. Ал ошондой эле 32 жаштагы жээни кармалып, СИЗО-5ке которулганга чейин ден соолугу чың болгонун белгиледи.

Улуттук борбор акыркы убакта СИЗОдогулардын өлүмү боюнча үчүнчү учур экенин белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8227