Экөө тең Кыргызстандык. Москвада таксист сүзүп кеткен курьер көз жумду (видео)
RU

Экөө тең Кыргызстандык. Москвада таксист сүзүп кеткен курьер көз жумду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада 3-сентябрда таксист курьерди сүзүп, каза болду. Бул тууралуу маалыматты Россиянын баш калаасынын прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, маркум 34 жаштагы киши болгон. 3-сентябрда Москванын Транспорт департаменти Профсоюзная көчөсүндө болгон кырсыктын видеосун жарыялады. Анда таксист жол чыракты карабай өтүп баратып курьерди сүзүп кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын жарандыгын алган 34 жаштагы кыргызстандык жаран кырсыктан каза болгонун билдирди. Ошондой эле Кырсыкты жасаган айдоочу да Кыргызстандын жараны болгон.

Маркумдун сөөгү 5-сентябрда Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Аны сүзүп кеткен айдоочу укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8236