Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыгандар кармалды. Бири элдик курултайдын мүчөсү
RU

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыгандар кармалды. Бири элдик курултайдын мүчөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлаган.

УКМК Тажикстандан Кыргызстанга 17 килограмм 192 грамм болгон чарс деп аталган баңгизат жүгүн алып келе жаткандарды кармаган.

"Алардын бири коррупцияга каршы элдик курултайдын "Элдик палатасы" коомдук бирикмесинин мүчөсү экени белгилүү болду",- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык алар Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Кармалгандар Кылмыш-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилгени айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8286