Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев кармалды. Видео
RU

Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу "Маратик" аты менен таанымал Марат Жуманалиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык Марат Жуманалиев жанындагы Д.М.С. менен биргеликте Алдамчылык боюнча шектелип кармалды.

Алар "Спекулянттын" башкы директору, Россиянын Ш.В. аттуу жаранынын ишендирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча алышкан. Шектүүлөр кайра акчаны кайтарып бербөө үчүн "Спекулянттын" директорунун жакындарын коркутушкан.

Андан сырткары алар мамлекет жетекчилиги менен, Камчыбек Ташиевдин уулу менен жакын тааныш экенин айтышкан.

"Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кылган ишин мойнуна алышты. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8293