АКШ визасын алууну тездетүү каралууда
RU

АКШ визасын алууну тездетүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги визаны алууну тездетүүнү карап жатканын билдирди.

"Кыргызстандын бардык жарандарына виза алуу үчүн орун ээлеп коюуну көздөп жатабыз. 12-сентябрда ноябрь айына жана андан кийинки визаларга маектешүүгө жазылуу үчүн жаңы орундарды ачып жатабыз, - деп билдирди элчилик.

Сентябрдын башында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШ тараптан виза алууну жеңилдетүүнү жана туристтик визанын мөөнөтүн эки эсеге көбөйтүүнү суранган. Ал виза алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны көбөйүп жатканын айтты.

Элчи ошондой эле АКШнын окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди. Алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8300