Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды
RU

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Мындай маалыматты Салык кызматынын басма сөз бөлүму таратты.

Белгилүү болгондой, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктады, деп МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/831