Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды
RU

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин жетекчиси, ырчы, аткаруучу Түмөнбай Колдошов министрликке кызматка барды. Ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан ырасташып, тиешелүү буйрук бүгүн, 12-сентябрда чыкканын билдиришти.

Белгилей кетсек, август айында айрым жергиликтүү сайттарда Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи мамлекетке 600 миң сомдой зыян келтиргени кабарланган. Көп өтпөй эле аталган окуу жайдын жетекчиси Түмөнбай Колдошов мекемедеги каржылык маселе боюнча кылмыш иши жөнүндө түшүндүрмө берип, тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8325